10.07.2019 16:27

Жеке ишкер Камчыбек Каримовго кол салууну өз жердеши уюштурган

Жеке ишкер Камчыбек Каримовго кол салууну өз жердеши уюштурган

Екатеринбург шаарында (Россия) ок жеп каза тапкан жеке ишкер Камчыбек Каримовго кол салууну өз жердеши уюштурган. Бул туурасында орусиялык басылмалар жазып чыкты

Маалыматка караганда, кылмышкерлерди Замир (каймана аты - Зама) аттуу түбү кыргызстандык киши жалдаган. Анын жакында эле түрмөдөн бошонгону айтылат.

«Ал оор кылмыш жасаганы үчүн бир нече жыл түрмөдө отурган. Бошонуп чыкканына 4 же 5 ай болуп калды. Ал Каримов менен тааныш болчу», -деп билдирген журналисттерге маркумдун жакын досу жана жардамчысы Урмат Курманбаев. 

Анын айтымында, эркиндикке чыккандан кийин мекенине депортация кылып жиберишпегенине караганда, Замир орус жарандыгын алган болушу мүмкүн. «Азыр баары аны издеп жатышат», — дейт Каримовдун жардамчысы. 

Буга чейин ЖМКлар полиция кылмышкерлерди аныктаганын жазып чыгышкан.  Алар «кармалды» деген да маалыматтар айтылууда. Бирок тергөөчүлөр муну четке кагып жатышат. «Шектүүлөрдү издөө иштери дагы деле уланууда», — деп билдиришкен агенттикке Тергөө комитетинен. 

Эскерте кетсек, 2-июль күнү Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурунку жетекчиси жана жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишкен. Ишкердин ок жеген денеси өз үйүнүн жанынан табылган. Кийин социалдык тармактарда кол салуу учурунун тасмасы жарыяланган.